Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды

 Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Связанный пост