Бакыт Төрөбаев: Министрлер Кабинети өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулат

 Бакыт Төрөбаев: Министрлер Кабинети өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулат

Министрлер Кабинети өлкөдө жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев JIA бизнес-ассоциациясы уюштурган «BIF – 2022» Бишкек инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, көп жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Бишкек инвестициялык форуму Борбор Азиядагы эң ири бизнес-форумдардын бири катары таанылып, көптөгөн мамлекеттердин ишкерлерин бириктирүүдө.

«Өлкө жетекчилиги инвестициялык климатты жакшыртуу жана туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, тике чет өлкөлүк инвестициялардын агылып келүүсүнүн көлөмү оң динамикага ээ болуп, 628 млн АКШ долларын түзөт. Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоо, кайра иштетүү, тоо-кен, дүң жана чекене соода, маалымат жана байланыш, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталган. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 597 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 7,2%га өстү», – деди Бакыт Төрөбаев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын инвестициялык чөйрөсүндө башкаруу системасын өркүндөтүү жана инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” сыяктуу бир катар жарлыктары, Баткен облусунда атайын салык режимин, өзгөчө инвестициялык режимди жана Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдиктерин караган «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган.

Ошондой эле ишкерлерди колдоо максатында Бишкек шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ищке киргизилип, 2022-2026-жылдарга аялдар ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Пограмма бекитилген, ишкерлер субьектин финансылык колдоого алуу үчүн Дүйнөлүк жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финанасылык секторун ыкчам колдоого алуу» долбоорун ишке ашыруу башталган. Бул программа боюнча насыялар үстөксүз берилип, анын көлөмү 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин жетет.

«Бүгүнкү күндө ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши түзүлдү. Креативдик экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилип, “Креативдик индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол коюлган. IT адистери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү алкагында «Санарип көчмөн» («Digital nomad») макамын берүү боюнча онлайн портал ишке кирди», – деди Бакыт Төрөбаев.

Связанный пост