Төрага Нурланбек Шакиев Алайдагы бала бакчанын ачылышына катышты

 Төрага Нурланбек Шакиев Алайдагы бала бакчанын ачылышына катышты

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Жошолу айыл аймагында курулган 90 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн 600 миң сом бөлүнгөн. Бардык шарты менен курулган мекеме аймактагы үч айылга кызмат кылат.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары мамлекет тарабынан социалдык мекемелерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бүгүн ачылып жаткан бала бакча мунун анык далили экенин кошумчалады.

Ошондой эле бөбөктөрдүн алтын уясына айланган бала бакчанын маанилүүлүгү тууралуу сөз кылган Төрага: “Уяда эмнени көрсө учканда ошону алат,”- дегендей, мектепке чейинки билим берүү балдардын келечеги үчүн өтө зарыл. Андыктан бала бакчадагы таалим-тарбиянын өзөгүн улуттук каада-салтты камтыган, заманбап окуу усулдары түзүшү зарыл”, – деди.

Муну менен катар бала бакча жамаатына ийгиликтерди каалап: “Буйруса ушул куттуу жайдан өлкөбүздү өнүктүрүп, дүйнөгө тааныткан уул-кыздар өсүп чыгаарына терең ишенем”, – деген Төрага резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды.

Андан сырткары, келечек ээлерине терең таалим-тарбия берүү өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин билдирип, мындай бала бакчаларды Кыргызстандын бардык аймактарында куруу аракети көрүлүп жатканына токтолду. Айрыкча, айлык маяналардын, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын көлөмү жогорулатылып, коопсуздук жаатында алгылыктуу иштер аткарылып жатканын белгилеген Төрага өлкө экономикасы быйыл 7 жарым пайызга өскөнүн эске салды.

Кошумчалай кетсек, иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жергиликтүү тургун Чырмаш Байтуровго депутат Улан Примов тарабынан курулган турак үйдү тапшыруу аземине да катышты. Белек катары берилип жаткан турак-жайга куру келбегенин айткан Жогорку Кеңешинин Төрагасы резервдик фондунан 100 миң сом каражат берди.

Эске салсак, Төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов коштоп жүрөт.

Связанный пост