Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

 Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды.

Ачылышка санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамкеткадыров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Элиза Эсеналиева катышты.

Министрдин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров белгилегендей, КР президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Жаңы калкты тейлөө борбору кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча дагы бир кадам болот. Бул иштин сапатын, тейлөөнү жакшыртат, жарандарды кабыл алуу ылдамдыгын жогорулатат жана убакытты үнөмдөйт.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө жаңы Калкты тейлөө борборунун артыкчылыгы катары аянтын белгиледи. Мэр имараттын аянты 1300 чарчы метрден ашык экендигин, бул узун кезектердин алдын ала турганын баса белгиледи.

Маалым болгондой, заманбап борбор “Бирдиктүү терезе” принцибинде түзүлгөн. Бул Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна мамлекеттик кызматтарды ашыкча бюрократиясыз алууга мүмкүндүк берет. Жаңы имаратта мында келгендер жана кызматкерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Жалпы аянты 1300 чарчы метр, ыңгайлуу кирүүчү жолдор жана 100 унаа үчүн унаа токтотуучу жай бар.

Документтерди каттоо жана кабыл алуу үчүн 35 “терезе”, өзүнчө маалымат берүү кызматы жана сүрөткө түшүүчү жай, кенен күтүү залы, балдардын оюн аянтчасы бар эне-бала бөлмөсү уюштурулган. Мындан сырткары нотариустар жана банктык кассалар бар.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кабыл алуу үчүн биринчи кабатта өзүнчө кабинет каралган, анда тездетилген иш кагаздарын жүргүзүү кызматы да көрсөтүлөт. Калкты тейлөө борбору күнүнө 1000ден ашык адамды тейлей алат.

Жаңы Калкты тейлөө борборунун ачылышы менен жарандар “Earlyone” мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландаштырып, ыңгайлуу убакытты тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Тиркеме Play Market жана App Store үчүн жеткиликтүү.

Заманбап борбор Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8г/1 дареги боюнча жайгашкан. Бул борборго №109, №143, №124 маршруттук каттамдар каттайт.

Белгилей кетсек, ири калкты тейлөө борборунун ачылышы менен Ленин 318 жана Раззаков 2 даректеринде жайгашкан мурдагы эки калкты тейлөө борбору жабык.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрынан тарта Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн Бакыт үйү иштей баштады, анда ЗАГС аркылуу да каттоо кызматы бар.

Связанный пост