Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны […]Читать далее
«Караван Экспо» көргөзмөсү 17,18,19-ноябрь күндөрү Москва шаарынын Өкмөт үйүнүн имаратында өтөт. Ага Кыргызстандан 40ка жакын компания, негизинен тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөнүн 17-ноябрдагы ачылыш аземине КРнын РФдагы элчиси Гулнара-Клара Самат катышты. Ал өз сөзүндө Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарына катышуучулардын көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгиледи (2022-жылдын биринчи […]Читать далее
Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бюджеттик кодекстин 60-беренесине ылайык, Министрлер Кабинети Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү чечимин кабыл алды. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо Финансы министрлигинин санариптик казыналык […]Читать далее
Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Учурда 64 жарым вагон кѳмүр түшүрүлдү, ал эми 65 жарым вагон жолдо келе жатат. Кѳмүрдү жеткирүү 2022-жылдын ноябрынан баштап 2023-жылдын майына чейинки мѳѳнѳттѳ график боюнча жүргүзүлѳт. Ишканадан белгилешкендей, ошондой эле азыркы учурда “Каражыра” АКынын разрезинен 65 жарымвагон кѳмүр жүктѳлүп жатат. “Бишкек ЖЭБинде кѳмүрдү пайдалануу боюнча […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш 19-ноябрдан 11-декабрга чейин уланат. Ал мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин арасында өткөрүлөт. Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш. Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген. Кичи-футбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 19-ноябрында […]Читать далее
17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да […]Читать далее
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбековдун ысымы ыйгарылып, тактасы салтанаттуу түрдө ачылды. Салтанатка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана коноктор катышты. Коноктор Бейшен Турусбековдун […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ысык-Көл районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйында, тургундар жеке көйгөйлөрүн айтышып, бийлик органдарына, прокуратура жана ички иштер органдарына арыз-кайрылууларын жолдошту. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Болот Мамбетовдун 115 жылдыгы белгиленип, айкели тургузулду. Иш-чарага КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, экс премьер-министр Турсунбек Чыңгышев баштаган мамлекеттик ишмерлер, Болот Мамбетовдун туугандары, урпактары жана район тургундары катышты. Белгилүү мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун айкели Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына тургузулду. Иш-чарага келгендер […]Читать далее
2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы жарыяланды. Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары мелдештин расмий талисманы катары байыркы фригиялыктар жана якобиндик революционерлер кийген фригия калпактарын тандашкан. Олимпиаданын негизги талисманы катары тандалган калпактар ак спорттук бут кийимчен, ал эми Паралимпиада оюндарыныкы бир буту протез экендиги көрсөтүлгөн. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда кызыл фригия калпагы Франция […]Читать далее