Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы жарыяланды

 Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы жарыяланды
2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы жарыяланды.
Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары мелдештин расмий талисманы катары байыркы фригиялыктар жана якобиндик революционерлер кийген фригия калпактарын тандашкан.
Олимпиаданын негизги талисманы катары тандалган калпактар ак спорттук бут кийимчен, ал эми Паралимпиада оюндарыныкы бир буту протез экендиги көрсөтүлгөн.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда кызыл фригия калпагы Франция Республикасынын эркиндигин чагылдырат.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Связанный пост