Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учкун айылында кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев катышты. Ош облусунун башчысы кызыл китептерди тапшырып жатып, жергиликтүү тургундарды коопсуз аймака көчүп иштеринде көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирди. “Мындай бир нече ай мурун Учкун […]Читать далее
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда […]Читать далее
Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек инвестициялык саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө инвестициялардын маанилүү ролун белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш жылда жаңы инвестициялык долбоорлордо кичи жана орто бизнестин үлүшү 5,7%дан […]Читать далее
Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргызстанга келди. Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.Читать далее
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазовду Башкы прокуратура кандай негизде суракка чакырганын иликтей турган жумушчу топ түздү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтуусуна караганда, жумушчу топко бир жумалык мөөнөт берилди, ал аралыкта тиешелүү иштер аткарылып, корутундусу президентке жөнөтүлөт. “Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго […]Читать далее
Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрдан 2023-жылдын 10-январына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык мектептерде сабактар 2023-жылдын 11-январынан башталат.Читать далее
Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков Богата (Колумбия) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына катышууда. Мелдеште 93 өлкөдөн 537 спортчу (270 аял жана 267 эркек) күч сынашат. Эмил Молдодосов чемипонатка 89 кг салмак категориясында 11-декабрь күнү, Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг салмакта 13-декабрда чыгат. Спортчулар улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн металлургиялык ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн металлургиялык комплексинин абалы жана өнүгүү келечегинин маселелери талкууланды. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тармакты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл, бул ири өндүрүш ишканаларынын экономикалык кайтарымдуулугун күчөтүүгө багытталган алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет. «Биз биргелешкен иштин жаңы форматына ылайык тармакты колдоого […]Читать далее
Мамадалиев Тилек Абдыганыевич саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Ал 2016-жылдан бери саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы болуп иштеп келген. Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматында 6 ай иштеген Жаркынбек Касымбековдун ордуна келди.Читать далее
16 күндүк “Коркпо! Токтот! Жаша!” акциясынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан республика боюнча коомчулуктун көңүлүн балдарга жана аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүнө бурууга багытталган акциялар, иш-чаралар өткөрүлдү. Өлкөнүн 7 облусунун бардык райондорунда митингдер, жүрүштөр, тегерек столдор болуп, иш-чараларга облустардын администрацияларынын, айыл аймактарынын, укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.Читать далее