Бакыт Төрөбаев металлургдар менен тармактын негизги көйгөйлөрүн талкуулады

 Бакыт Төрөбаев металлургдар менен тармактын негизги көйгөйлөрүн талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн металлургиялык ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн металлургиялык комплексинин абалы жана өнүгүү келечегинин маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тармакты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл, бул ири өндүрүш ишканаларынын экономикалык кайтарымдуулугун күчөтүүгө багытталган алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет.

«Биз биргелешкен иштин жаңы форматына ылайык тармакты колдоого алуу багытына түшүүгө даярбыз», – деп белгиледи ал жана жолугушуунун катышуучуларын эң актуалдуу көйгөйлөр боюнча ачык сүйлөшүүгө чакырды.

Куюу ишканаларынын өкүлдөрү курч көйгөйлөрдү айтууга мүмкүнчүлүк берилгендиги жана өлкө жетекчилигинин ата мекендик металлургдарга колдоо көрсөтүү ниети үчүн ыраазылык билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары металлургдарга жогорку салык жүктөлгөнүн, бул чыгашалар тобокелдигине алып келгенин, анткени ички рынокто сатуунун көлөмү төмөндөп, ал эми экспорттук агым металлургия продукциясын — болот, чоюн жана башка металл буюмдарын чыгарууга эбактан бери адистешкен өлкөлөрдөн келген жеткирүүлөр менен атаандашууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдиришти.

Өндүрүшчүлөрдөн түшкөн сунуштарды угуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары аларды ар тараптан карап чыгууга жана көтөрүлгөн маселе боюнча тийиштүү чечимдерди тез арада кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Связанный пост