Дүйнөдө

Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү

БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы 77-сессиясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бул резолюция 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Резолюция бир добуштан добуш берүүсүз кабыл алынды. БУУнун 109 мүчө мамлекети ага авторлош катары кошулду. “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо жөнүндөгү демилге Кыргызстандын […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов Эл аралык республикалык институттун Евразия аймагынын директору менен

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) Евразия аймагынын директору Стивен Никс менен жолугушту. Жолугушууда тараптар демократиялык өнүгүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты. Эдил Байсалов өлкөдө калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан […]Читать далее

Спорт

Футбол боюнча «Мурас» турниринде «Спорттук федерациялар» командасы жеңишке жетти

Бишкек шаарында, 14-15-декабрь күндөрү өткөрүлгөн футбол боюнча үчүнчү «Мурас» достук турнири жыйынтыкталды. Беттештердин жыйынтыгы боюнча 1-орунду «Спорттук федерациялар» командасы алды. Аларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды. «Президенттин командасы» командасы 2-орунду ээлеп, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду. Ал эми 3-орунду алган «Коопсуздук» командасына 200 миң сомдук сертификат ыйгарылды, 4-орун […]Читать далее

Спорт

Салиха Гобоева кикбокс боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Салиха Гобоева Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатында 56 кг салмакта коло байгенин ээси болду. Спортчу кыз-келиндер арасында «лоу-кик» дисциплинасында беттешти. Биринчи беттешинде жеңип, ал эми жарым финалда кореялык спортчуга жеңилип 3-орунду ээледи.Читать далее

Спорт

Адилет Улан уулу кикбокс боюнча Азия чемпионатынын финалына жолдомо алды

Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Улан уулу Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Спортчу 60 кг салмак категорияда К-1 дисциплинасында күч сынашууда. Алгачкы беттешинде Казакстандык балбанды жеңген. Финалда Өзбекстандык спортчу менен күч сынашат.Читать далее

Саясат

Шумкарбек Пайзиев Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Шумкарбек Пайзиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. 36 жаштагы Пайзиев буга чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары […]Читать далее

Коом

«Локомотив» муз аянтчасынын ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 15-декабрда «Локомотив» спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, «Демилгелүү жаштар борбору» коомдук уюму тарабынан чакырылган 40 ашуун бөбөктөр жана башка коноктор катышты. Салтанаттуу ачылышта концерттик номерлер менен бийчилер тобу, ал эми “Локомотив” комплексинин хоккеисттер тобу жана фигуристтери муз талаасында чакырылгандарга өз өнөрлөрүн […]Читать далее

Маданият

Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата фотодокументалдуу көргөзмө ачылды

Улуттук тарых музейинде Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург, прозаик Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө Токтоболот Абдумомуновдун үй-бүлөлүк архивинен жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотодокументтер бөлүмүнөн алынган фотодокументтик материалдар көрсөтүлдү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, […]Читать далее

Билим

Өлкөдөгү бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт

Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. “Азыр мага Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди. Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен 24-декабрга чейин өлкө боюнча бардык мектептерди онлайн режиминде билим берүүгө өткөрүп жатабыз”, – дейт ал. Эскерте кетсек, […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. «Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө, Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулоодо. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз», – деди Акылбек Жапаров. Министрлер […]Читать далее