Эдил Байсалов Эл аралык республикалык институттун Евразия аймагынын директору менен жолугушту

 Эдил Байсалов Эл аралык республикалык институттун Евразия аймагынын директору менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) Евразия аймагынын директору Стивен Никс менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар демократиялык өнүгүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты.

Эдил Байсалов өлкөдө калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларга кеңири токтолду.

«Биздин өлкөдө демократия куру сөздүн предмети болбой калды. Демократиянын мазмунуна ылайык, эми ал элдин турмушун чындап жакшыртууга кызмат кылууда. Бийликтин күчтүү мандаты бар жана биз мамлекетибиздин алдында турган бардык узак мөөнөттүү милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Связанный пост