Шумкарбек Пайзиев Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

 Шумкарбек Пайзиев Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Шумкарбек Пайзиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду.

36 жаштагы Пайзиев буга чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Связанный пост