Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата фотодокументалдуу көргөзмө ачылды

 Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата фотодокументалдуу көргөзмө ачылды

Улуттук тарых музейинде Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург, прозаик Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө болуп өттү.

Көргөзмөгө Токтоболот Абдумомуновдун үй-бүлөлүк архивинен жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотодокументтер бөлүмүнөн алынган фотодокументтик материалдар көрсөтүлдү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баш болгон бир катар маданият ишмерлери жана Токтоболот Абдумомуновдун уулу жана жакындары катышты.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов менен Маданият министри Алтынбек Максутов “Токтоболот Абдумомуновдун баскан жолунда кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө сиңирген зор эмгегин баса белгилешип, атасынын эмгегин азыркы муунга тааныштырып, жайылтып жаткан залкардын уулу Исхак Абдумомуновго ыраазычылык билдиришти.

Связанный пост