Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады

 Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады

БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы 77-сессиясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бул резолюция 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Резолюция бир добуштан добуш берүүсүз кабыл алынды. БУУнун 109 мүчө мамлекети ага авторлош катары кошулду.

“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо жөнүндөгү демилге Кыргызстандын Президенти С.Жапаровго таандык. Мамлекет башчы аны 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жалпы дебаттарында жарыялаган.

Быйылкы жыл ичинде КР Тышкы иштер министрлиги жана өлкөнүн чет мамлекеттердеги мекемелери бул демилгени тажрыйба түрүндө ишке ашыруу боюнча ири кампания уюштурушту. Резолюцияга колдоо катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрдү. Анын жыйынтыктоочу билдирүүсү БУУнун Башкы Ассамблеясынын расмий документи катары кабыл алынып, БУУнун мүчө мамлекеттерин резолюцияны колдоого чакырат.

“Беш жылдыкты” жарыялоо тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына, “жашыл” экономиканы жана технологияларды өнүктүрүүгө тоолуу өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты бекемдөө үчүн финансылык механизмдерди түзүүгө, тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерине каршы аракет жасоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу, тоолуу аймактарда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга гранттарды жана инвестицияларды тартууга кеңири жол ачат. Резолюциянын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын көп жылдардан берки тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана анын бул маселедеги лидерлик позицияларын эл аралык деңгээлде тастыктоо болуп саналат.

Связанный пост