Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча курама командасы 16-17-декабрь күндөрү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн ‘Olimpiya World Championship” эл аралык мелдешинде 5 медаль ( 2 алтын, 3 күмүш) жеңди. Келдибек Атайбек уулу жана Дилбара Иманканова алтын медаль тагынды. Ал эми Азамат Асанов, Дильдора Рахмонова жана Элза Абдыкадырова коло байгенин ээлери болушту. Мелдештин алкагында спорттун 20 ашуун түрү боюнча беттештер […]Читать далее
КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты. Медиа форумда медиа тармагынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, форумда аймактык жана глобалдык кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү, аймактык бир тектүүлүктү издөө процессиндеги акыркы тренддер жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, жаңы медианын өнүгүүсү, жасалма интеллект технологиясын колдонуу, Борбор Азияда креативдүү индустриянын […]Читать далее
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. “Акылман уя” бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен 17 миллион 355 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулушу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунун байге фондун көбөйттү. Азыр байге фондунда мурун жарыяланган 32 белектин ордуна 52 белек коюлду. 30-декабрда боло турган 3-утушта 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш […]Читать далее
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Россия менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Мамлекеттер аралык байланышыбыз өз ара […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты. Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. «Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясына катышты, анда ведомствонун 2022-жылда аткарылган ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери каралды. Аткарылган иштер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле интернет кызматтары жана байланыш рыногунун катышуучулары болуп саналган чарбакер субъекттердин жетекчилери маалымат беришти. Баяндамалардын акырында Бакыт Төрөбаев санариптик технологиялардын, өзүнүн (улуттук) […]Читать далее
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп келе […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты. Атап айтканда, ал Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши менен таанышты. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек жана Токмок шаарларынан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрүн аныкташты. Натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 3 миң кутудан ашык тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Акциздик маркаларсыз алкоголдук же тамеки продукцияларын өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды […]Читать далее