Бакыт Төрөбаев: Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл

 Бакыт Төрөбаев: Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясына катышты, анда ведомствонун 2022-жылда аткарылган ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери каралды.

Аткарылган иштер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле интернет кызматтары жана байланыш рыногунун катышуучулары болуп саналган чарбакер субъекттердин жетекчилери маалымат беришти.

Баяндамалардын акырында Бакыт Төрөбаев санариптик технологиялардын, өзүнүн (улуттук) жасалма интеллектинин, сервистик технологиялардын, кенен маалыматтардын, бөлүштүрүлгөн реестрлердин өнүгүшү менен байланышкан санариптик мейкиндикке өлкөнү трансформациялоо боюнча өз көз карашын билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары, экономиканын айрым тармактарында жана социалдык чөйрөдө жасалма интеллект технологияларын колдонуунун эксперименталдык укуктук режимдерин киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү жасалма интеллект тармагындагы укуктук режимдер жөнүндө ойлонуу керек.

“Ар бир мамлекеттик орган санариптештирүү жана кызматтарды өз алдынча киргизүү жолу менен жүрсө, буга жетишүү мүмкүн эмес. Бардык иш аракеттерди координациялоо жана Борбордук Азия чөлкөмүндө санариптик инновацияга айланган маалыматтарды жана инфраструктураны көзөмөлдөй турган Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Коллегиянын жүрүшүндө белгилүү болгондой, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан буга чейин санариптик берүүнү киргизүү боюнча максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга аракеттер жасалган, азыркы учурда ошол мүмкүнчүлүктөрдү бир стандартка бириктирүү милдети турат.

Бакыт Төрөбаев маселе “техниктер” менен юристтер ортосундагы түшүнбөстүктүн себебинде болуп жатат деп эсептейт.

“Биз бул түшүнбөстүктүн себебин чечүүгө жетишээрибиз менен санариптик трансформация жана жасалма интеллектти жашоого киргизүү процесстерин аймактык деңгээлде дагы эч нерсе басаңдата албайт. Өлкөдөгү санариптик трансформация ар бир жаранга, ар бир үй-бүлөгө, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн ар бир тармагына, ар бир уюмга жана башкаруунун ар бир деңгээлине, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасына тийиши керек. Мунун баары адамдардын жашоо сапатына оң таасирин тийгизиши зарыл”, — деген Бакыт Төрөбаев, мамлекет менен санариптик коомчулуктун диалогу документтерге кол коюу жана отчет берүү менен чектелбеши керектигин белгиледи.

Связанный пост