Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды

 Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Акылман уя” бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен 17 миллион 355 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, техникалык жана эмерек жабдуулары 100% орнотулду.

Связанный пост