Мамлекеттик катчы Астанада өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты

 Мамлекеттик катчы Астанада өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты

КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты. Медиа форумда медиа тармагынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, форумда аймактык жана глобалдык кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү, аймактык бир тектүүлүктү издөө процессиндеги акыркы тренддер жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, жаңы медианын өнүгүүсү, жасалма интеллект технологиясын колдонуу, Борбор Азияда креативдүү индустриянын келечеги, медиа сабаттуулук жана аялдардын медиадагы ролу тууралуу маселелер ортого салынды. Ошондой эле, аталган тармакта катышуучу тараптар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чарада сөз алган Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин атынан биринчи Борбор Азия медиа форумунун бардык катышуучуларына жана конокторуна салам жолдоду.

Ал Борбор Азия өлкөлөрү эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өнүгүүнүн өз алдынча моделин, улуттук өзгөчөлүгүн издеп, отуз жыл ичинде региондогу өлкөлөр өзүн глобалдуу дүйнөгө таанытууга аракет жасады, оор учурларды баштан өткөрдү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтык мамилесин калыптандырганын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин лидерлеринин саясий эрки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана региондук кооперацияны жана интеграцияны тереңдетүү зарылдыгын түшүнүү да бар экендиги айдан ачык” , – деп билдирди Сүйүнбек Касмамбетов.

Ал кошумчалагандай, дүйнөдөгү окуялар тездик менен өнүгүп жатат. Азыркы учурда көп сандаган коопсуздук коркунучтары жана чакырыктар, анын ичинде маалыматтык коркунучтар менен жалгыздап күрөшүү барган сайын кыйын болуп баратат.

“Борбордук Азия мамлекеттерин өзүнө камтыган региондук коопсуздук комплексин түзүүнүн үстүнөн ойлонууну сунуш кылган эксперттик коомчулукка кулак салуунун мааниси бар. Ошондой эле, биз колдо бар жана иштеп жаткан эл аралык аянтчаларды натыйжалуу изилдеп чыгышыбыз керек деп эсептейм”, – деди Мамлекеттик катчы.

Өз сөзүндө Сүйүнбек Касмамбетов Борбор Азиянын региондук бирдейлигин, интеграциясын жана кооперациясын аныктоо боюнча көйгөйлөрдү чечүү салмакталган мамилени жана план ченемдүү ишти талап кыларын айтты.

Сөзүнүн жыйынтыгында ал биздин аймактын потенциялы зор экенидигин, аны толук ачуу үчүн жалпы региондук кызыкчылыктарды тактап, артыкчылыктуу баалуулуктарды аныктап, талаш маселелерди чечүүдө жалпы мамилелерди иштеп чыгуу керектигин сунуштады.

Эске салсак, биринчи Борбор Азия медиа форумуна жүздөн ашуун спикерлер чакырылган. Алар саясат таануучулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эл аралык жана жергиликтүү журналисттер, белгилүү медиа эксперттер.

Форумдун ишине мындан тышкары Түркия Республикасынын мурдагы Президенти Абдулла Гүл, Монголиянын 3-Президенти Намбарын Энхбаяр, Түрксой, ТүркПА, БУУ, ТМУ, Ислам кызматташтык уюмунун жетекчилери жана Борбор Азия аймагында масс медиа жетекчилери катышты.

Связанный пост