Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү

 Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү

Мамлекеттик салык кызматы бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунун байге фондун көбөйттү.

Азыр байге фондунда мурун жарыяланган 32 белектин ордуна 52 белек коюлду.

30-декабрда боло турган 3-утушта 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат.

Баш байге – Бишкектен батир. Ошондой эле бир унаанын ордуна эки электромобиль ойнотулат.

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушу 2022-жылдын 30-декабрында КТРК, “Ала-Тоо 24” телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпы суммасы 18,3 млрд сомго 17,9 млн лотереялык ID-билеттерди топтошкон.

Лотереянын катышуучусу болуу үчүн “Салык Чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектердин QR-кодун сканерлөө зарыл.

Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Салык кызматынын акциясына кошулуңуз жана утуп алыңыз. Үчүнчү утуштун баалуу байгелери жаңы жылдык жагымдуу белек болушу мүмкүн!

Связанный пост