Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты

 Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймактарга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Токтогул гидроэлектр станциясынын жалпы абалы жана иши менен таанышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Учурда Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында ГЭСтин жаңы төртүнчү гидроагрегаты орнотулуп, ал бир нече убакыттан бери тесттик режимде иштеп келген. Азыр агрегат толук түрдө ишке киргизилүүдө», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Каракөл ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты, анын наркы болжолдуу түрдө 25 млн АКШ долларын түзөт.

«Гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 18 МВт түзөт. Бул объектинин курулушу жана ишке киргизилиши жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуп, өлкө жарандарын жана ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт. Өз кезегинде мамлекет ГЭСтерди курууга инвестиция салган инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Талас облусунун Манас районунда жайгашкан «Бала-Саруу» ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.

Белгилей кетсек, «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорунда жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саат саналган объектти куруу каралган. Мында Киров суу сактагычынын плотинасынын механикалык жабдуулары модернизацияланат жана сугат муктаждыктарын суу менен камсыз кылуунун бардык процесстери автоматташтырылат

Буга чейин Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы чечими менен «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомуна аталган гидроэнергетикалык объектини куруу укугу берилип, 2,0 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн.

Маалымат үчүн: Токтогул ГЭСи 1975-жылдын 1-январында ишке киргизилген өлкөдөгү эң ири электр станциясы.

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3 түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин төрт агрегаттын ар биринин кубаттуулугу 300 МВт саналган. Натыйжада ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1200 МВтты түзгөн.

Учурда ишкана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорду ишке ашырууда, анда Токтогул ГЭСинин агрегаттарын алмаштыруу каралган. Станцияны модернизациялоо менен анын кубаттуулугу 240 МВт жогорулатылат.

Связанный пост