Мурдагы тергөөчү пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча мурда Бишкек ШИИБ тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында терс негиздер боюнча кызматтан убактылуу четтетилген, ички иштер органдарынын өздүк курамынын карамагында болгон, Бишкек шаарынын Свердлов ИИБнин мурдагы тергөөчүсү акча каражатын алгандан кийин кармалды. […]Читать далее
Бишкекте С.Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анда курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын С.Каралаев көчөсүндөгү (Суеркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки аралыктагы) жалпы пайдалануудагы […]Читать далее
Республика боюнча көчмө эмдөө бригадалары иштеп жатат. Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришкендей, эпидемияга каршы иш-чаралардын максаты профилактикалык эмдөө календары боюнча эмдөөдөн өтпөй калган балдарды эмдөө болуп саналат. Белгиленгендей, республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кызамыкка каршы эмдөө иштерине өзгөчө басым жасалууда. Ошондой эле мобилдик топтор өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөдө. “Өлкөдө жыл сайын график боюнча 78 […]Читать далее
Быйыл өлкөдө буудай өткөн жылдан 4,5 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, учурда өлкөдө жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Республиканын жер айдоо иштерин алгачкылардан болуп Баткен облусунун райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука, Сузак райондору жана […]Читать далее
Минкабдын жыйынында бюрократиядан арылуу боюнча чечимдердин биринчи пакети бекитилди
КР президентиин 2025-жылдын 10-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өткөн кеңешме бюрократиядан арылтуу боюнча масштабдуу чаралардын биринчи пакетин ишке ашыруунун активдүү фазасынын башталышын белгиледи. “Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү Президенттин […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Жеке мектептер атаандаштыкты жогорулатып, билим берүү
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу борбор калаабыз Бишкек шаарында жайгашкан «Учур» эл аралык мектебине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Алсак, аталган билим берүү жайы өткөн жылдын январь айында негизделип, учурда мектепте алтымыштай окуучу, ал эми бала бакчасында кыркка жакын тарбиялануучу бар. Кыргыз жана англис тилдеринде билим берип, бардык заманбап окуу куралдары жана жабдуулары менен камсыздалган […]Читать далее
Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов проспектисинин И. Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки 4 чакырымдан ашык бөлүгүндө жолду алты тилкеге кеңейтүү жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алты тилкелүү туурасы 20 метрден ашык жолдун эки чети жашылдандырылып, андан кийин велосипед жолу менен жөө жүрүүчүлөр учүн жол өз өзүнчө […]Читать далее
Чүй облусунда мамлекеттик органдардын жасалма сайттары аркылуу жасалма визаларды колдонуу менен мекендештеринин мыйзамсыз миграциясын уюштурган чет элдик жарандардын кылмыштуу тобу кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 24-январында чет элдик жарандар өлкөгө мыйзамсыз миграция жүргүзүү үчүн визалык документтерди бурмалап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Чүй облусунун ИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин […]Читать далее
“Балыкчы эт комбинаты” ЖЧКсынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда “Рыбачы эт комбинаты” болуп саналган, аянты 10,7 га болгон “Балыкчы эт комбинаты” ЖЧКсынын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү. Тактап айтканда, УКМК […]Читать далее
Аялдарга карата зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыш иштери боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 2024-жылы 35 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу Ленин райондук прокуратурасы билдирди. Маалыматта айтылгандай, анын ичинен 26 кылмыш иш соттук кароого жиберилип, 6 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, ал эми 3 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган. “Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы […]Читать далее