Коом

Зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт

Кыргызстандык зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Flaynas авиакомпаниясы каттамдарды Бишкектен аткарса, ал эми Jazeera Airways авиакомпаниясы Ош багыты боюнча аттанган зыяратчыларга кызмат көрсөтөт. Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы 2024-жылкы ажылыкка Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылык сапардын баасы 3 миң 750 доллар деп белгиленген.Читать далее

Жогорку Кеңеш

БШК депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Анын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон. Белгилей кетсек, АйбекОсмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептериндеги билим берүүнү модернизациялоонун негизги багыттарын белгиледи

Бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоорунун бет ачарын жасады. Мамлекет башчысы жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги “реформага” […]Читать далее

Коом

Финансы министрлигинде Япониядан келген делегация менен жолугушуу өттү

Бүгүн финансы министринин орун басары Улугбек Календеров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Жолугушуу Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Масаси Ватанабенин Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында өттү.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ийгиликтүү […]Читать далее

Коом

Бишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү темасында тегерек стол өттү

Бүгүн Бишкекте “Кибермейкиндикте трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү: Актуалдуу көйгөйлөр жана практикалык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери” аттуу темада тегерек стол өттү.   Иш-чара Ички иштер министрлиги менен “Бакай Банк” ААКтын демилгеси менен өтүп, анда кибермейкиндиктеги трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү, актуалдуу көйгөйлөр жана практикалык өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.   Ага ички иштер министринин орун басары Нурбек […]Читать далее

Коом

2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүүгө 7 млрд сом

2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүүгө 7 млрд сом суммасында каражат каралган, анын ичинен 29.02.2024-жылга карата Финансы министрлиги тарабынан төмөнкү иш-чараларга 1,7 млрд сом каржыланган: “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИге жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. Алардын ичинен “Кыргызжылуулукэнерго” МИден келип түшкөн билдирмелердин негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 750,0 млн […]Читать далее

Өкмөт

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 16 мамлекеттик органга “эң жакшы” деген баа

Министрлер кабинети 2023-жылга карата министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыгын чыгарды. Мамлекеттик органдардын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын деңгээлин баалоо методикасына ылайык жүргүзүлдү. 2023-жылга пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында методология төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү: “эң жакшы” деген баа – 16 мамлекеттик орган татыды (2022-жылы 9 […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын маалыматына караганда, буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору болду. “Жолугушуунун жыйынтыгында […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев Түркиянын Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай баштаган делегацияны

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган делегацияны кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда адам органдарын трансплантациялоо боюнча медициналык тейлөөнү өнүктүрүү, саламаттык сактоо мекемелерине заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев Кыргызстанда адам органдарын трансплантациялоого багытталган көйгөйлөр өтө көп экенин белгилеп: «Натыйжада илдетке чалдыккан жарандарыбыз […]Читать далее

Экономика

Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешинин III жыйыны өттү

 Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйынына жүздөн ашык бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматы. Кыргыз делегациясын КР СӨПтүн президенти Темир Сариев жетектеди. Күн тартибиндеги негизги маселелер Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуунун алкагында биргелешкен ишкерликти өнүктүрүү болду. Бул маселе боюнча фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев уюмдун ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү […]Читать далее