Коом

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Соцфонддон маалымдашты. 2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 212 суроо-талап жиберилген, 210 суроо-талап иштелип […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы 2023-жылы 249,4 млрд сом чогултуп, планды 3 млрд

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41,3 млрд сомго көп жыйналды. Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16,5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. “Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, […]Читать далее

Аймак

2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм 146,4 млрд сомду түзгөн

2023-жылы Чүй облусунда дүң өндүрүм 146 млрд 415 млн сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу өсүш 111,1 пайыз болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду. Ошентип, облустун аймактык дүң өндүрүмүнүн республиканын ички дүң өндүрүмүндөгү үлүшү 14,3 пайызды түзөт. Жыйында экономиканын рычагы болгон мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 104 пайызга аткарылып, 13 млрд […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43ү капиталдык оңдоодон

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Маалыматта аталган билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржылангандыгы айтылат. Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. Ведомстводон 2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасын […]Читать далее

Кырсык

Кыргызстанда эки ирет жер титиреди

24-январга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында эки ирет, бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында 2 ирет жер жер титиреди. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январда саат 01:11де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Тоң районунун Кажы-Сай айылынан 147 чакырым […]Читать далее

Маданият

Кыргызстан менен Катардын маданият министрлери медиа тармагында тажрыйба алмашууну макулдашты

23-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Катар Республикасынын Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында Катар Мамлекетинин маданият министри шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани мырза менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда тараптар маданият […]Читать далее

Коом

Акылбек Жапаровдун катышуусунда ТИМдин коллегиялык отуруму өттү

Тышкы иштер министрлигинде министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда коллегиянын отуруму өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында министрликтин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы каралды. Коллегиянын жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев ТИМдин ишинин жыйынтыктары жана КР мамлекет жана министрлер кабинетинин башчыларынын тышкы саясий тапшырмаларын иштеп чыгуу жөнүндө маалымдады. Ошондой эле ал 2023-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары катары […]Читать далее

Өкмөт

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда энергетика жана кызматташуу жаатында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту.   Жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргыз […]Читать далее

Кырсык

Сейсмология институту жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга жеткенин билдирди

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 16:15те берген такталган маалыматына ылайык, 2024-жылдын 23-январында түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын […]Читать далее

Экономика

КР Экономика министри Индиянын элчиси менен гранттык жардамдын алкагында долбоорлорду

2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Индия Республикасынан гранттык жардам көрсөтүү боюнча […]Читать далее