Коом

Маданият министри Жаманкулов Индиянын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Индиядан келген туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолукту. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Кыргызстындын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, өлкөнүн имидждик ролиги көрсөтүлдү. Азамат Жаманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын кооз жаратылышын, бийик тоолорун жана дүйнө коомчулугун өзүнө бурган көчмөн маданияты тууралуу айтып, Кыргызстанда өтүп келген […]Читать далее

Коом

Чүй облусунда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Аламүдүн РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жана Маевка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Төмөнкү-Аларча айыл аймагында алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул күнү милициянын көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын ар кандай кайрылууларын кабыл алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, кээ бир маселелерди жеринде чечишүүдө. Иш-чара учурунда Төмөнкү-Аларча айылындагы жол жээгинде ирээтсиз соода кылган […]Читать далее

Саясат

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине […]Читать далее

Коом

Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү кимдер үчүн көбөйтүлдү?

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү: – майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин; – ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго […]Читать далее

Коом

18-июлдан тартып Жалал-Абад облусунунда «Акысыз укуктук жардам» акциясы башталат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары үчүн  2022-жылдын 18-июлунан тартып 12-августуна чейин өтө турган «Акысыз укуктук жардам» акциясынын башталышы жөнүндө жарыялайт. Иштин максаты – акыйкаттыкка, укуктун үстөмдүгүнө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Ал эми иш-чаранын максаты жарандарга ар кандай укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык-укуктук […]Читать далее

Дүйнөдө

Элчи Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрүнө презентациясын өткөрдү

2022-жылы 14-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү. Иш-чарага британиялык ишканалардын, университеттердин, экологиялык долбоорлордун өкүлдөрү жана консалтинг компаниялары катышышты. КРнын Элчиси У.Джусупов Улуу Британия Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң ири соода өнөктөшү богондуктан, аны менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт […]Читать далее

Саясат

Башкы прокурор Сузакта

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Cузак районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча кайрылышууда. Калктын кайрылуусу жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди. Жыйынга Сузак районунун 500дөн ашуун тургуну катышууда. Эске салсак, […]Читать далее

Саясат

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат  орундарына 14 талапкер, ошондой эле бош судьялык кызмат орунга 1 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов ЭКОСОС калкасы астындагы Туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумга

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2022-жылдын 5-июлунан 18-июлуна чейин Нью-Йорктогу БУУ штаб-квартирасында өтүп жаткан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) калкасы астындагы Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) региондору үчүн туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык форумунун төрагасы катары […]Читать далее

Саясат

Пекинде IX Кытай-Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү

Ушул жылдын 12-13-июлунда IX Кытай-Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов форумдун ардактуу коногу катары видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Төрага Кыргызстан Кытай менен кызматташууга артыкчылык берерин баса белгилеп, кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган Глобалдык өнүгүү демилгеси жана Глобалдык коопсуздук демилгеси сыяктуу маанилүү концепцияларды колдой турганын […]Читать далее