Пекинде IX Кытай-Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү

 Пекинде IX Кытай-Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү

Ушул жылдын 12-13-июлунда IX Кытай-Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов форумдун ардактуу коногу катары видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Төрага Кыргызстан Кытай менен кызматташууга артыкчылык берерин баса белгилеп, кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган Глобалдык өнүгүү демилгеси жана Глобалдык коопсуздук демилгеси сыяктуу маанилүү концепцияларды колдой турганын белгиледи. Ал тараптардын мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү жана заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу боюнча аймактык кызматташууну, ошондой эле акыркы 30 жылда аялдарды өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен иштердин жыйынтыктарын талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда IX Кытай-Борбор Азия кызматташуу форумунун жыйынтыгы боюнча Демилге кабыл алынды.

Связанный пост