Медицина

Касымбеков: Өлкөдө 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен өлкө аймагында 10 жаңы вирусологиялык лабораторияны куруу жана жабдуу улантылууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана Каракол, Талас шаарларында беш вирусологиялык лабораториялар ишке берилди. “Баткен, Кадамжай, […]Читать далее

Коом

Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды. «Нарын медиаборбору» телеканалы билдиргендей, шырдак жасоого «Алтын кол-Нарын» кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгеси менен облустук аймагындагы 70 уз-чебер тартылган. «Фестивалдын негизги максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болуп саналган. Касиеттүү Соң-Көлдө өткөн «Эң узун шырдак-Нарында» аттуу фестиваль […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө аскердик техникаларды оңдоо үчүн мобилдик пункт курулууда

Ысык-Көлдө Коргоо министрлигинин курал-жарактарын жана аскердик техникаларын тейлөө жана оңдоо үчүн мобилдик пункттун курулушу башталды. Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстан менен Россиянын Коргоо ведомстволорунун ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында мобилдик пункту курулууда. Завод курула турган жер тиешелүү инфраструктураны эске алуу менен тандалган. Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Россия тарап керектүү жабдуулар менен камсыз кылат. Ал эми кыргыз […]Читать далее

Маданият

Чолпон-Атада казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун бюсту ачылды

 Чолпон-Ата шаарындагы казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты. Ачылыштын алкагында Казакстандын президенти ардактуу […]Читать далее

Билим

Ошто мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр сыйланды

 Бүгүн, 21-июлда Ош шаарынын мэриясында “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин куттуктап, келечек муундардын билим алуусуна ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү калаа бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи. Шаар башчысы “Алтын аттестат” […]Читать далее

Саясат

Борбор Азия президенттерине Садыр Жапаровдун атынан расмий сый көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталды. Мамлекет башчыларына “Достук салтанаты” […]Читать далее

Коом

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  2021-жылдын 15-апрелинде Аламүдүн РИИБине 1997-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен ишенимине кирип, алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтып, чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. […]Читать далее

Саясат

Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Мындан тышкары Президент Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол […]Читать далее

Саясат

С. Жапаров: “Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл”

«Биз аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү арттыра турган бардык багыттар боюнча кеңейтилген кызматташтыкты жактайбыз»,- деп билдирди президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда. Мамлекет башчысынын белгилөөсүндө, бул багыттардын бири суу ресурстары болуп саналат, анын көлөмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир топ кыскарган. “Суу ресурстарын башкаруунун […]Читать далее

Саясат

Президент регион үчүн “жашыл” экономиканы өнүктүрүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи

“Эксперттердин болжолдоолору боюнча, дүйнөлүк экономикалык “тартылуу борбору” акырындык менен Азияга карай жылып жатат, бул биздин аймак үчүн, анын ичинде экономиканын “жашыл”, санариптик жана креативдүү секторлорун өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда. Мамлекет башчысы акыркы он жылда Борбор Азияда […]Читать далее