Борбор Азия президенттерине Садыр Жапаровдун атынан расмий сый көрсөтүлдү

 Борбор Азия президенттерине Садыр Жапаровдун атынан расмий сый көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталды.

Мамлекет башчыларына “Достук салтанаты” оюну көрсөтүлдү.

Эстрада артисттеринин, бий ансамблдеринин жана актерлорунун көркөм оюн-зооктору Борбор Азия мамлекеттеринин: Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тарыхый достугун, ынтымагын, ар тараптуу кызматташтыгын жана маданий-социалдык өз ара байланышын таасын чагылдырды.

Президент Садыр Жапаров конокторду жылуу кабылдап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери байыртадан бери жанаша, ынтымакта жашап, бул чөлкөмдүн берекелүү жери тартуулаган бардык белектерди бөлүшүп келгенин белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых, маданият жана руханий баалуулуктардын окшоштугу, ошондой эле жаркын жана бакубат келечек байланыштырып турат. Ата-бабаларыбыз түптөгөн ынак коңшулук жана өз ара урматтоо салттарын улантуу менен биз байыркы элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрөбүз», – деди ал.

Садыр Жапаров бүгүнкү Консультативдик жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин жана мындан аркы региондук өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ынтымагын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

Ал Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммиттери региондук интеграцияны өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз болуп кала берерине ишенерин билдирди. «Бүгүнкү келишимдер биздин мамлекеттик органдар үчүн багыт болуп калышы керек», – деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров стратегиялык документке – XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын эске салып, ал келечекте региондогу кызматташуунун жаңы горизонтторун аныктап, мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн пайдубалын бекемдейт деген бекем ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн белгилүү музыкалык чыгармалары аткарылды.

Связанный пост