С. Жапаров: “Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл”

 С. Жапаров: “Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл”

«Биз аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү арттыра турган бардык багыттар боюнча кеңейтилген кызматташтыкты жактайбыз»,- деп билдирди президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда.

Мамлекет башчысынын белгилөөсүндө, бул багыттардын бири суу ресурстары болуп саналат, анын көлөмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир топ кыскарган.

“Суу ресурстарын башкаруунун колдонуудагы механизмдери азыркы учурдун реалдуулуктарына жооп бербейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандырбайт.

Тактап айтканда Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери ушу кезге чейин өз баасын ала элек. Суунун жогору жагындагы өлкөлөр бир нече жылдар алдын ала эле суунун аз болгон мезгилинде дагы сугат үчүн суу ресурстарын вегетация мезгилинде топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушу үчүн дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм.

Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыя суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз. Анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган.

Кыргызстан ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика жаатында өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт.

Биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестициялык катышуусун кубаттайбыз. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жазында болгон авария аялуу абалды көрсөткөн, ошондуктан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл”,- деп айтты Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост