Коом

Кыргызстанда кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго төмөндөтүлөт

Кыргызстанда керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, азыркы учурда мамлекет социалдык жактан маанилүү товарларга, алардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чоң көңүл буруп жатат. Бул ун, кум шекер, өсүмдүк майы, сүт жана башка. Кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жетекчи […]Читать далее

Коом

Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо иштери кызуу жүрүүдө

Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, көмүр камдоо июль айында башталган. Мэриядан белгилешкендей, Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат. Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Издөө уланууда

Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 4-августта издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 29 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Издөө бүгүн, 5-август күнү улантылат. Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты […]Читать далее

Саясат

Оштун мэри Ташкентте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган делегация 3-4-августта Өзбекстандын ШКУга төрагалыгы астында Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Анда Алмаз Мамбетов “Ош шаары Улуу Жибек жолунун туристтик провайдери” темасында баяндама жасады. Өз сөзүндө Мамбетов туризмди өнүктүрүүнүн дүйнөлүк экономикадагы эң маанилүү […]Читать далее

Коом

Чүйдө балдардын сууга чөгүүлөрүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Чүй районундагы сууга түшүүчү жайлардан, көлмөлөрдөн жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларынан кырсыктарды болтурбоо максатында үч күндүк түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда жарандарга, жашы жете электерге сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, тыюу салынган жерлерде сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери бир катар кеңештерди […]Читать далее

Маданият

Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

11-14-августта Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү. 3-августта Кыргызстандын элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам […]Читать далее

Коом

Бишкекте жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасы көрктөндүрүлүүдө

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Атап айтканда, “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы Алтын-Ордо көчөсү, 15 дарегиндеги мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. “Учурда Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жер түздөлүп, топурак түшүрүлө баштады, жакында […]Читать далее

Спорт

Азамат Ишенбаев «Алга» футбол клубунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Азамат Ишенбаев легендарлуу «Алга» футбол клубунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ишенбаевди эмгек жамаатына Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Жоомарт Шамканов тааныштырды. Азамат Ишенбаев жаш жеткинчек кезинде «Бишкек Алга» […]Читать далее

Саясат

Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык мамлекетинин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинде

2022-жылы 2-августта Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агентствосунун Саксония федералдык жеринин Регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксония федералдык жеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги багыттары талкууланды. Элчи Өмүрбек Текебаев […]Читать далее

Коом

Төрөбаев: Жергиликтүү бийликтин ишине нааразы болгон учурлар болбошу керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев Чүй облусунун калкы менен жолугушууларын улантууда. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Эки райондун жашоочулары тарабынан жер тилкелерин трансформациялоо, жер тилкелерин бөлүү боюнча жана социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлүү маселелер айтылып, ошондой эле […]Читать далее