Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык мамлекетинин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинде жолугушуу өткөрдү

 Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык мамлекетинин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинде жолугушуу өткөрдү

2022-жылы 2-августта Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агентствосунун Саксония федералдык жеринин Регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксония федералдык жеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги багыттары талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана ири инвестициялык долбоорлору, ошондой эле 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Герман бизнес форуму жана Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешинин биринчи отуруму тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда системалуу түрдө ишке орноштурууну уюштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири каралды. Герман өнөктөштөрү Бишкек шаарында 2022-жылдын сентябрь айында кол коюга пландалган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Федералдык Эмгек агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында Саксония федералдык жеринде кыргызстандык адистерди кесиптик даярдоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Германияда жумушка орношуунун шарты катары немец тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруунун маанилүү маселелеринин бири Кыргызстанда адистер үчүн тил үйрөтүү системасын түзүү болуп саналат.

Саксония федералдык жеринин өкүлдөрү да жогоруда аталган Меморандумга кол коюу максатында жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну системалуу уюштуруу боюнча практикалык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн германиялык делегациянын курамында Кыргызстанга келүүнү пландаштырууда.

Связанный пост