Төрөбаев: Жергиликтүү бийликтин ишине нааразы болгон учурлар болбошу керек

 Төрөбаев: Жергиликтүү бийликтин ишине нааразы болгон учурлар болбошу керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев Чүй облусунун калкы менен жолугушууларын улантууда.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.

Эки райондун жашоочулары тарабынан жер тилкелерин трансформациялоо, жер тилкелерин бөлүү боюнча жана социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлүү маселелер айтылып, ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуулар орун алды.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жер тилкелерин трансформациялоо жана жер тилкелерин бөлүү маселеси боюнча арыздардын санын эске алуу менен жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге өзгөчө көңүл бурушу тийиш.

«Жергиликтүү өз адынча башкаруу органдары карапайым жарандар тарабынан көтөрүлүп жаткан жер тилкелерин трансформациялоо жана бөлүү маселесине тийиштүү маселелерди ыкчам чечүүсү зарыл. Тургундар жергиликтүү бийлик органдарынын ишине нааразы болгон учурлар болбошу керек», – деди ал.

Связанный пост