Бишкекте жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасы көрктөндүрүлүүдө

 Бишкекте жаңы курулуп жаткан мектептердин айланасы көрктөндүрүлүүдө

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы Алтын-Ордо көчөсү, 15 дарегиндеги мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө.

“Учурда Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жер түздөлүп, топурак түшүрүлө баштады, жакында бул жерде арча, гибискус, липа жана башка көптөгөн жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөр өстүрүлөт.

Ал эми №10 мектептин аймагында газон себүү аяктап, отургузууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ийне жалбырактуу жана бадалдуу өсүмдүктөрдү отургузуу иштери башталат”, – деп белгилешти муниципалитеттен.

Связанный пост