Оштун мэри Ташкентте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна катышты

 Оштун мэри Ташкентте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна катышты

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган делегация 3-4-августта Өзбекстандын ШКУга төрагалыгы астында Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Алмаз Мамбетов “Ош шаары Улуу Жибек жолунун туристтик провайдери” темасында баяндама жасады. Өз сөзүндө Мамбетов туризмди өнүктүрүүнүн дүйнөлүк экономикадагы эң маанилүү тармак катары ролун белгилеп, бүгүнкү күндө Ош шаарында туризмди экономиканын реалдуу жана стратегиялык тармагына айландыруу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

“Ош шаары Улуу Жибек Жолунун трансконтиненталдык жолунда мурдагы маанилүү позицияларын өнүктүрүп, Улуу Жибек Жолу менен байланышкан өзүнүн туристтик брендин илгерилетүү аркылуу жандандырууга ниеттенүүдө. 2021-жылы Биринчи аймактык туризм форумунда эл аралык туризм эксперттери Ош шаарын Улуу Жибек жолунун негизги туристтик провайдери катары тааныган. Буга байланыштуу 2021-жылдын декабрь айында Ош шаарында дүйнөлүк туристтик бренд жана “Ош – Жибек Жолунун Провайдери!” программасы иштелип чыгып, кабыл алынган.

Шаардын өзүнүн туристтик продуктусу жана туристтик бренди бүгүнкү күндө Ош шаарына миңдеген туристтерди тартууда, мунун артында шаарыбыз өзүнүн мурдагы улуулугун кайра жандандырып, Ош шаарында жана облусунда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө түрткү берет”, – деди А.Мамбетов.

Калаа башчы Ош шаары үчүн иштелип чыккан туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында “Silk Road FEST”, “Silk Road EXPO”, “Silk Road FOODS” деп аталган эл аралык туристтик иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Алмаз Мамбетов бардык катышуучуларды ушул жылдын 5-октябрында Ош шаарында өтө турган “Silk Road SUMMIT” эл аралык туристтик форумуна катышууга чакырды. “Silk Road SUMMIT” туристтик форуму – бул Улуу Жибек Жолунун өлкөлөрүнүн туризми үчүн гана эмес, дүйнөлүк туристтик рынок үчүн да глобалдык мааниге ээ форум.

Форумдун алкагында туризмди, маданиятты жана айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча пленардык сессияны жана үч панелдик сессияны, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен бизнес-форумду өткөрүү пландаштырылууда. Бул форум ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнү караган аймактык деңгээлдеги диалогдук аянтча катары иш алып барат.

Связанный пост