Азамат Ишенбаев «Алга» футбол клубунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

 Азамат Ишенбаев «Алга» футбол клубунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Азамат Ишенбаев легендарлуу «Алга» футбол клубунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ишенбаевди эмгек жамаатына Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Жоомарт Шамканов тааныштырды.

Азамат Ишенбаев жаш жеткинчек кезинде «Бишкек Алга» клубунун курамында Кыргызстандын жогорку лигасында ойногон. 1997-жылы Бишкектин «Динамосуна» өтүп, Кыргызстандын чемпионатынын үч жолку чемпиону (1997, 1998, 1999) жана күмүш (2000) байге ээси болгон. 2000-жылы 16 гол киргизип, чемпионаттын эң мыкты 5 бомбардиринин катарына кирген.

Жалпысынан карьерасында 136 гол киргизген жана Алмаз Чокморовдун клубунун бомбардирлеринин курамында.

Связанный пост