Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте “Түштүк-2” кичи районун уруксат берилбеген объектилерден бошотууну улантууда. Аянты 16 чарчы метр болгон павильон, химиялык тазалоо жүргүзүүчү павильон алынып, муниципалдык аймактын 14 чарчы метр аянты бошотулду. Жашылча-жемиш сатуучу павильон мыйзамсыз ордун таштап, 20 чарчы метр аянт шаардыктарга кайтарылды. […]Читать далее
КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Талас жана Жалал-Абад шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын алдын алуу боюнча көчмө семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саякат кызматы билдирет. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, ага бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштерди […]Читать далее
Ысык-Көлдө сел суулары буудай, беде аянттарын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, сел жүрүп, Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 га буудай жана беде айдоо аянтын каптаган. Мындан сырткары, Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес. Ошондой […]Читать далее
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын кызматкери опузалап 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык […]Читать далее
Свердлов районунда жыйын. Эмнелер каралды? Свердлов администрациясында башчынын орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы астында кезектеги пландуу жыйын болуп өттү. Жыйынга райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана МАБнын башчылары катышты. “Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын учурдагы ишмердүүлүгүн, ошондой эле Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынын 2022-жылдын 7 ай аралыгындагы отчетун талкуулашты. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Свердлов районунун […]Читать далее
Биринчи май районунун “Мектеп Лигасынын” жаш жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө жөнөштү “Университет” пансионатына 82 окуучу №29, 69, 81, 24 мектептердин, №1 А. Каниметов атындагы Бишкек мектеп-интернат-гимназиясынын жана №61 Е.Б. м атындагы автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучулары жөнөп кетишти. Эскерте кетсек, Мектеп лигасы борбордун 4 районунун арасында, 17-январдан 20-майга чейин райондук администрациялар менен биргеликте өткөрүлгөн. Тандоо 2 […]Читать далее
Бүгүн, 8-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районуна чакан ГЭС куруу боюнча Испания мамлекетинин “Ekoener” компаниясынын Борбордук Азиядагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктөн билдиргендей, аталган инвесторлор Жалал-Абад облусунун аймагына кубаттуулугу 400 МВт болгон ири жана чакан ГЭСтерди куруу пландалып жатканын билдирди. Бул багыттагы компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, курулуш жүргүзүүгө ыңгайлуу жайлар […]Читать далее
Москвада кыргыз жарандарынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну агызып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган К. уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К. аттуу […]Читать далее
КР Улуттук банкы жыл башынан бери 116 коммерциялык банктын жана 86 акча алмаштыруу жайынын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк тарабынан банктардын, алмашуу бюролорунун кардарларды тейлөө жана валюта операцияларын жүргүзүү ишине көзөмөл күчөтүлгөн. “Жыл башынан бери 116 коммерциялык банкка жана 86 акча […]Читать далее
Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык кызматынын, Социалдык фонддун Ленин райондук башкармалыгынын, Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын жетекчилеринин катышуусунда кирешелер боюнча штаб болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана муниципалдык аймактык башкармалыктар. 2022-жылдын январь-июль айларына пландын аткарылышы жана жер салыгынын, ошондой эле транспортко түшүүлөрдү камсыз […]Читать далее