Свердлов районунда жыйын. Эмнелер каралды?

 Свердлов районунда жыйын. Эмнелер каралды?

Свердлов районунда жыйын. Эмнелер каралды?

Свердлов администрациясында башчынын орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы астында кезектеги пландуу жыйын болуп өттү.

Жыйынга райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана МАБнын башчылары катышты.

“Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын учурдагы ишмердүүлүгүн, ошондой эле Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынын 2022-жылдын 7 ай аралыгындагы отчетун талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте “Тазалык” МИсине жолбун иттерди кармоо, графикке ылайык катуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана таштанды контейнерлеринде тыюу салуучу белгилерди орнотуу тапшырмасы берилди.

Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысына “Ала-Арча” жана “Аламүдүн”дарыяларынын участокторунун баланстык таандыгын тактоо тапшырылды.

Социалдык маселелер боюнча башчынын орун басарына калк арасында санитардык нормаларды сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

Свердлов району боюнча МАБ, ИИБ жана МСКБнын начальниктери кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык чогултуу боюнча ишти күчөтүшсүн. Ошондой эле жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында муниципалдык администрациянын кызматкерлерине МСКБ менен биргеликте ири чарбакер субъекттердин арасында комиссиялык рейддик иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.

Андан соң “Бишкекжашылчарба” МИсине кургаган дарактарды өз убагында санитардык кыюуну жүргүзүү тапшырылды.

Связанный пост