Пара талап кылган. «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын кызматкери кармалды

 Пара талап кылган. «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын кызматкери кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын кызматкери опузалап 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к. Г. такталган.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 28-июлунда КР УКМК дарегине белгиленген иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу боюнча К.П.К. аттуу кыргыз жараны «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.

2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен мекеменин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к. Г. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост