Коом

Акылбек Жапаров Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. «Бүгүн сиздер менен жалпы кыргыз эли аза күтүүдө. Ар бирибиз бул суук кабарды жан кейип кабыл алдык. Ошондой эле биздин ой-санаабыз жана тилегенибиз учурда өмүр үчүн күрөшүп ооруканада жаткан үч […]Читать далее

Коом

“Тазалык” жумушчуларды издейт. Эмгек акысы 20 миң сомдон жогору

Бишкек мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына жумушчулар керек. Муниципалитеттен билдиришкендей, 20 жаштан 50 жашка чейин эркек адамдар талап кылынууда. Эмгек акысы 20 миң сомдон жогору. Иш убактысы дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин. Жумуш сааттары сүйлөшүү учурунда белгиленет. “Кененирээк маалымат алуу үчүн: +996 555 88 99 80 номери аркылуу кайрылууга болот”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее

Медицина

Кыргызстанда бир аптада СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 15-августтан 22-августка чейин СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен амбулатордук дарыланууда — 297, ооруканага жактырылгандар – 42. Үстүбүздөгү жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 789 учуру катталган, анын ичинде 18789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 […]Читать далее

Коом

Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалыктын» директору болуп дайындалды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.Читать далее

Спорт

Кыргыз балбандары жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алты медаль жеңди

Кыргыз балбандары Болгариядагы 20 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алты медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат. Кыздар арасында Нурзат Нуртаева (68 кг) күмүш, Дилназ Сазанова (65 кг) коло медаль тагынды. Грек-рим күрөшү боюнча Баяман Каримов (63 кг) күмүш, Нуристан Сүйөркулов (55 кг) менен Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) коло […]Читать далее

Коом

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводун модернизациялоону тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлер кабинетинин башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту. Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну […]Читать далее

Саясат

Президент бир катар жетекчилерди дисциплинардык жазага тартты

Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн: – берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн КР транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди; – “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар […]Читать далее

Билим

Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат

Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери толугу менен фондусунан каржыланууда. “Имараттын курулушунун жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түзөт. 2020-жылы башталган, учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фонддун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда. […]Читать далее

Коом

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

 Бишкектин Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрулдү. ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, ККББдан ыкчам топ жана Штаб тартылган. Маалыматка ылайык, өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан жеке менчик бала бакчанын чатырына өткөн. Жалындын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. “Тилсиз жоо саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 12:45те […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров жана Азербайжандын премьери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады. Акылбек Жапаров Али Асадовду Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда […]Читать далее