Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

 Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

 Бишкектин Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрулдү.

ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, ККББдан ыкчам топ жана Штаб тартылган.

Маалыматка ылайык, өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан жеке менчик бала бакчанын чатырына өткөн.

Жалындын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт.

“Тилсиз жоо саат 11:45те чектөөгө алынып, саат 12:45те толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок”, – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост