Акылбек Жапаров Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

 Акылбек Жапаров Россиядагы жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Бүгүн сиздер менен жалпы кыргыз эли аза күтүүдө. Ар бирибиз бул суук кабарды жан кейип кабыл алдык. Ошондой эле биздин ой-санаабыз жана тилегенибиз учурда өмүр үчүн күрөшүп ооруканада жаткан үч жабырлануучуда. Аза кайгысын тең бөлүшүп, Министрлер Кабинети каза болгондордун жана жабыркагандардын үй бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтөрүн жана курман болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн белгилеп кетким келет», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Связанный пост