Акылбек Жапаров жана Азербайжандын премьери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

 Акылбек Жапаров жана Азербайжандын премьери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады.

Акылбек Жапаров Али Асадовду Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына конок катары келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост