Президент бир катар жетекчилерди дисциплинардык жазага тартты

 Президент бир катар жетекчилерди дисциплинардык жазага тартты

Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн КР транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди;

– “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” КР президентинин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жумагазиев Канат Сагыновичке – Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Термеев Руслан Качкынбаевичке – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.

Связанный пост