Коом

Курманкул Зулушев Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөрүн угуу жана ыкчам чечүү максатында Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйынга райондун 300гө чукул тургуну катышууда.Читать далее

Саясат

Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү. Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулду. Иш-чара Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Видеоконференцбайланыш режимине […]Читать далее

Коом

Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 11-июлунда Адамүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, бул адамдын өздүгү тактап, ал 1979-жылы туулган К.К. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал жерде бул адамдын бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан кара металлды экспорттоого тыюу салууну пландоодо

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандан кара металлдынсыныктарын жана калдыктарын ЕАЭБдин бажы чегинен тышкары алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документке ылайык, тыюуну алты айга киргизүү пландалууда. Тыюу кара металлдардын сыныктарына жана калдыктарына, кайра эритүү үчүн кара металл куймаларына тийиштүү болмокчу.Читать далее

Медицина

Түмөнбаева майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун директору болду

Чынаргүл Түмөнбаева Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун директору болуп дайындалды. Аталган министрликтен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министр Кудайберген Базарбаевдин сунуштамасынын негизинде чечим кабыл алган.Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров: “Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүшү боюнча өз убагында жана пландаштырылган

Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү боюнча өз убагында жана пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Россия Федерациясынан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү. Көмүргө, кумшекерге жана өсүмдүк майына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Ун комбинаттары кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында тапшырмаларды аткаруу тартибин сактоонун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны — 5779. Алардын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы — 5,2%. Бул боюнча аймактардан начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. […]Читать далее

Саясат

Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин сынга алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды. “Акимдерге биз өтө чоң ыйгарым укуктарды бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык көрүнбөй жатат. Жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштебегендиги үчүн жарандар агылып, бизге арызданып келүүдө. Ар бир жарандын маселесин терең түшүнүп, качан, кантип чечсе болорун […]Читать далее

Саясат

С.Жапаров энергетика министрине күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаевге күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды. «Азыр жайдын ортосуна келдик, көмүрлөрдү эртерээк даярдаңыз, графиктерди дагы бир жолу өзүңүз карап чыгыңыз. Биз сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп бергенбиз, андыктан көмүргө байланыштуу эч кандай маселе жаралбашы керек», — деди Президент. Министрдин энергетика тармагындагы иштер, атап айтканда, […]Читать далее

Саясат

Президент социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча ЖӨБ органдары менен ишти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында социалдык үйлөрдү куруу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен комплекстүү ишти күчөтүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды. »Үстүндө үйү бар адамдын дүйнөсү түгөл» деген накыл кеп бар. Кыргызстанда жыл сайын 30 миңден 50 миңге чейин жаштар баш кошушат. Үйгө болгон муктаждык чоң. Албетте, өнүккөн өлкөлөр […]Читать далее