Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

 Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 11-июлунда Адамүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, бул адамдын өздүгү тактап, ал 1979-жылы туулган К.К. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал жерде бул адамдын бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1978-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, окуянын келип чыгышына жарандардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгону аныкталып, анын натыйжасында жабырлануучу көптөгөн дене жаракаттарын алган.
Учурда шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Связанный пост