Экономика

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын II утушунун жеңүүчүлөрүнө

Мамлекеттик салык кызматы 1-октябрда өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жеңүүчүлөр өздөрү катышышты. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жеңүүчүлөрдү куттуктап, лотереянын кыргызстандыктардын салык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык жыйноонун өсүшүнө тийгизген оң таасирин белгиледи. Ал жарандарды кассалык чектерди талап кылууну жана лотереяга […]Читать далее

Коом

Бишкекте агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бишкек шаарынын эски аянтында “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Көргөзмө-жарманке Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда. Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулууда. Organic Expo 2021 […]Читать далее

Спорт

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар арасында футбол жана баскетбол жумалыгы

17-18 октябрь күндөрү Бишкек шаарында атайын Олимпиаданын “Футбол жана баскетбол жумалыгы” өттү. Аталган иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп окуучуларынын арасында, аутизм жана даун синдрому бар жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго социалдаштыруу жана дени сак жашоо мүнөзүнө үндөө максатында өткөрүлдү. Мелдеш футбол жана баскетбол боюнча өтүп, жеңүүчү командалар диплом, медалдар менен сыйланышты.Читать далее

Саясат

Президент Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: “Урматтуу Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кызматкерлери!  […]Читать далее

Коом

Токмокто Милиция кызматкерлери базарларда уурулукту алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө

19-октябрда Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан шаардын аймагында жана “Мүрөк”, “Ак-Тилек”, “Булак” базарларында, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча, анын ичинен: өзгөчө чөнтөк уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралары жүргүзүлдү. Ошондой эле, мал уурулуктун алдын алуу максатында, жарандарды малдарды талаада кароосуз калтырбоону, андан тышкары, мал сарайлардын уурулукка каршы болчу сапатын жогорулатуу, видеобайкоо камераларын орнотуу […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Индия темир жол жаатында кызматташуу меморандумуна кол койду

 Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен Индиянын RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясы темир жол инфраструктурасы боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Меморандумга “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Сакиев Азамат Абдукаримович жана RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясынын директору Винай Сингх кол койду. “Меморандумда темир жол куруу, линияларды электрлештирүү, ошондой эле тараптардын өз […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров: Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин 1 жылы 2

Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсеге жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. «Баткен окуялары ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн өттү. Президент аймактагы кырдаалга көз салып турду, кийинчирээк БУУ трибунасынан Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 19-октябрда, металлургия тармагынын флагманы – Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысына заводдун негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, аткарылган иштердин көлөмү, бюджетке төлөмдөр жана социалдык программалар тууралуу маалымат берилди. Негизинен, заводдун жетекчилиги 2019-жылдын декабрында Кыргыз Республикасында уран жана торий кендерин казууга жана иштетүүгө тыюу салууну киргизүү менен комбинат уран концентраттарын кайра иштетүүнү […]Читать далее

Спорт

Президент кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залын ачты

Президент Садыр Жапаров 19-октябрда, Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залын ачты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкө боюнча көптөгөн кыздар күрөш менен машыгууну каалаганына жана өлкө боюнча күрөш менен машыгып жатканына карабастан, алардын заманбап спорт залы жок болгонун, көбүнчө эркектер менен машыгууга […]Читать далее

Билим

Уланбек Мамбетакунов менен Кытайдын элчиси билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

19-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Тараптар алдыдагы окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды берүү, Кыргыз-Кытай класстарын, факультеттерин жана институттарын түзүү, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү […]Читать далее