Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар арасында футбол жана баскетбол жумалыгы өттү

 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар арасында футбол жана баскетбол жумалыгы өттү
17-18 октябрь күндөрү Бишкек шаарында атайын Олимпиаданын “Футбол жана баскетбол жумалыгы” өттү.
Аталган иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп окуучуларынын арасында, аутизм жана даун синдрому бар жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго социалдаштыруу жана дени сак жашоо мүнөзүнө үндөө максатында өткөрүлдү.
Мелдеш футбол жана баскетбол боюнча өтүп, жеңүүчү командалар диплом, медалдар менен сыйланышты.

Связанный пост