Маданият

Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата өзү туулган айылында эстелиги тургузулду

Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата өзү туулган Кызыл-Октябрь айылында эстелиги ачылды. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып келди. Иш – чарада Корчубек Акназаровдун эли үчүн жасаган эмгеги жана адамдык парасаты эскерилип, өрнөктүү жашаган өмүр жолу тууралуу жылуу пикирлер айтылды.Читать далее

Спорт

Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт (күжүрмөн самбо, эркектер жана кыз-келиндер арасында). Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет. Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт: Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг; Кыз-келиндер: 50, 54, […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар […]Читать далее

Маданият

Президент маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Ааламдашуу арааны жүрүп, дүйнө өзгөрүп жатканда биз дагы аны менен бирге өзгөрүүдөбүз. Бирок кандай гана өткөөл мезгилдер болбосун, маданий баалуулуктарыбыз биздин жашообуздун эң […]Читать далее

Саясат

Эдил Байсалов: “Босого” туристтик борбору меймандарга өлкөбүздүн өзгөчө жерлерин мыкты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы «Босого» туристтик меймандостук борборунун ачылыш аземине катышты. Эдил Байсалов белгилегендей, «Босого» меймандостук борбору 2022-жылдын март айында Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорлорунун бири болуп саналат. «Босого» туристтик меймандостук борбору борборубуздун чок ортосундагы Эмен паркында жайгашкан. Бул жерден Кыргызстандын ар бир […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров БА өлкөлөрү жана Азербайжандын мамакадемияларынын ректорлорун кабыл алды

КР министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекеттик академияларынын ректорлору, Ханнс Зайдель атындагы Фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөдө мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү багыттары, мамлекеттик кызматкерлерге билим берүү маселелери, мамлекеттик кызматтын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары электрондук өкмөттү түзүү, мамлекеттик башкаруунун жаңы концепцияларын […]Читать далее

Билим

Билим берүү министри Кореядагы кыргыз студенттери менен жолугушту

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана Баткен мамлекеттик университетинин Санарип бөлүмүнүн башчысы Замирбек Бекмаматов Түштүк Кореянын Ханбат мамлекеттик университетине атайын иш сапар менен барды. Министр баштаган делегация мүчөлөрү Ханбат мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен тыгыз кызматташуу маселелерин талкуулады. Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее

Спорт

Пара дзюдо боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргыз Республикасынын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 5-9-ноябрь күндөрү Баку (Азербайжан) шаарында өтө турган пара дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына катышат. Дүйнө чемпионатына катыша турган курама команданын тизмеси: 1. Суранов Маматибрагим 2. Абдикаримов Темирлан 3. Хусан кызы Хайитхон Спортчулар пара дзюдо боюнча машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги астында чемпионатка катышат.Читать далее

Дүйнөдө

Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын

27-октябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев катышты. Жыйындын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол администрацияларынын ортосунда жигердүү кызматташууну түзүү маселелери каралды. Өз кезегинде […]Читать далее

Коом

Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаардык ички иштер башкармалыгында 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында иш-чаралар өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, укук коргоо органдарынын жана күч органдарынын жетекчилери катышты. А.Мамбетов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон […]Читать далее