Эдил Байсалов: “Босого” туристтик борбору меймандарга өлкөбүздүн өзгөчө жерлерин мыкты билүүгө жардам берет

 Эдил Байсалов: “Босого” туристтик борбору меймандарга өлкөбүздүн өзгөчө жерлерин мыкты билүүгө жардам берет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы «Босого» туристтик меймандостук борборунун ачылыш аземине катышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, «Босого» меймандостук борбору 2022-жылдын март айында Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорлорунун бири болуп саналат.

«Босого» туристтик меймандостук борбору борборубуздун чок ортосундагы Эмен паркында жайгашкан. Бул жерден Кыргызстандын ар бир коногу эмне көрүү керек, кайда баруу керек, кайда түнөп калуу керек, кантип катталуу керек, банк картасын алуу, унааны ижарага алуу, сим-картаны сатып алуу жана ал тургай жеке фирманы ачуу туурасындагы бардык суроолоруна жооп таба алат. «Босогодо» туристтер үчүн пайдалуу жана керектүү маалыматтар топтолгон. Чет элдик туристтер гана эмес, биздин жарандар дагы адистердин кызматынан пайдалана алышат», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маанисин белгиледи.

«Биз ар бир мейманга кубанычтабыз. Бизде туристтерге көрсөтө турган нерселер арбын, анын ичинде кайталангыс тарыхый эстеликтер жана жаратылышыбыз бар», – деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, ыңгайлуулук үчүн «Босого» туристтик борборунда 24 саат бою кол-борбор иштейт, ага уюлдук же стационардык телефондон 7000 кыска номуру аркылуу чалууга болот.

Связанный пост