Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

 Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт
Бишкек шаарында 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт (күжүрмөн самбо, эркектер жана кыз-келиндер арасында).
Дүйнө чемпионатына 50гө жакын өлкөдөн 500дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков келет.
Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг.
Чемпионаттын байге фонду 231 000 АКШ долларды түзөт.
1-орун- 4000 АКШ доллар;
2-орун- 3000 АКШ доллар;
3-орун- 2000 АКШ доллардан (ар бирине).

Связанный пост