Билим берүү министри Кореядагы кыргыз студенттери менен жолугушту

 Билим берүү министри Кореядагы кыргыз студенттери менен жолугушту
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана Баткен мамлекеттик университетинин Санарип бөлүмүнүн башчысы Замирбек Бекмаматов Түштүк Кореянын Ханбат мамлекеттик университетине атайын иш сапар менен барды.
Министр баштаган делегация мүчөлөрү Ханбат мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен тыгыз кызматташуу маселелерин талкуулады.
Уланбек Мамбетакунов иш сапарынын алкагында Ханбат мамлекеттик университетинде билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, окууларына ийгиликтерди каалады.
Министр университеттин жетекчилиги менен болгон жолугушууда квоталык орундарды көбөйтүү, академиялык алмашуу, студенттерди алмашуу программаларын уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.
Ошондой эле министр Корея инновациялык лидер өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги IT багытта инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык экендигин белгиледи.

Связанный пост