Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Сыйлуу конокту “Манас” аэропортунда КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков жылуу тосуп алышты. Кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегация КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү. Тараптардын расмий […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башкалар менен биргеликте алар 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өлкөдө жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу мекендештерге кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар! Элибиз нечен кылымдардан берки тарыхый сапарында биринен сала бири алмашкан даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатат. Башкаларды мындай коюп, кыргыз эли бирде гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгы сыяктуу ири […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары. Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда КР ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Коллегияга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктары, райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйындын негизги темасы катары Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Андан сырткары санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар мамлекеттик тилди укуктук жөнгө салуу, билим берүү, жарнак тармагындагы маселелерди талкуулашты. К.Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашыруу […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү. Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташып, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болгон ЖМК өкүлдөрүн мэр Алмаз Мамбетов куттуктады. Мэр өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында жасалып жаткан иштерди, жетишкендиктерди […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 9 айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 1 млрд 458,6 млн сом салык жыйнады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 217,8 млн сомго көп, башкача айтканда жыйымдар 6 эсеге жогорулады. Ошондой эле бул салык салуу системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны өстү. Алсак, бүгүнкү күндө бирдиктүү салыктын […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча опузалоого шектелип “Мир24.kg” маалымат порталынын директору кармалды. Кечээ, 3-ноябрда 2 миң доллар каражатты өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды. Кылмыштын негизги аткаруучусу МИР24.kg маалымат порталынын башкы директору С.С.К. болгон. Ал ошол эле учурда […]Читать далее
Финансы Министрлигинин – “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоору иштеп жатат. Ал кайтарымдуулук негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылоого багытталган. Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Микро, кичи жана орто ишканаларды пайызсыз ыкчам колдоо” долбоорун каржылоо максатында 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюлган. Ишкерлерди […]Читать далее